Бишкектин Свердлов районунун "ДОсОО-Форт" базарынын маңдайында муниципалдык аймакта жайгашкан май токоч сатуучу күркөдөн чыккан өрт толугу менен чектөөгө алынды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалымдалгандай, өрттү өчүрүүгө саат 13:09 чамасында 2 күжүрмөн эсеп тартылып, тилсиз жоо саат 13:45тер чамасында чектөөгө алынган. Учурда өрттү толук өчүрүү иши жүрүүдө.
Өрт кырсыгынан жабыркагандар жок. Алдын ала маалымат боюнча өрттүн жалпы аянты 70 чарчы метрди түзөт.
Белгилей кетсек, буга чейин социалдык тармакта "Дордой" базарында өрт чыккандыгы тууралуу видео тараган.