Бишкекте бир нече жолу соттолгон жаран уурулук кылып кармалды

Бишкекте милиция кызматкерлери тарабынан чөнтөк уурулукка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 31-октябрда Бишкек ШИИББден билдиришти.

Маалыматка караганда, 15-октябрда Бишкек Ленин РИИБге Ж.Б. аттуу жаран белгисиз адамдарга карата чара көрүү өтүнүч арызы менен кайрылган. Ошол эле күнү саат 19:20 чамасында Чүй проспектисинде жайгашкан кичи автобустардын биринен капчыгын уурдап, ичинде 100 доллар, 200 миң сом акча каражаты жана өздүгүн тастыктоочу документтер болгон.

Аталган фактынын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесине (Уурдоо) ылайык кылмыш иши козголду.

"Издөө иштеринин натыйжасында Бишкек ШИИББнын ыкчам кызматкерлери тарабынан 1993-жылы туулган К.Т. аттуу жаран, мурда ушул сыяктуу кылмыштарды жасагандыгы үчүн бир нече жолу соттолгон. Райондук башкармалыктын Тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Бишкек шаарынын Ленин райондук соту тарабынан шектүүгө карата 15-ноябрга чейин бир айлык мөөнөткө Бишкек шаарындагы №1 Тергөө камак жайына камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалды", - деп айтылат маалыматта.

Учурда анын ушул сыяктуу башка кылмыштарды жасоого тиешеси бар экендиги такталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан