Стамбул шаарындагы белгилүү Айя-София мечитине кирүү үчүн эми чет элдиктер акы төлөшү керек. Бул тууралуу Түркиянын маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой билдирди.
"Чет элдик туристтер үчүн 2024-жылдын 15-январынан баштап Айя-Софияга кирүү үчүн акы төлөнөт. Мечитке ибадат кылууга келген түрк жарандары үчүн кирүү акысыз бойдон кала берет", - деди министр брифингде.
Министрдин айтымында, чечим ЮНЕСКОнун сунушунун негизинде кабыл алынган. Мечитке кирүү канча болору кийинчерээк белгилүү болот.