III Эл аралык "Кыргызстан - кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү" кинофестивалы аяктады(фоторепортаж)

Бүгүн, 15-декабрда III Эл аралык “Кыргызстан - кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү” кинофестивалы аяктады. Фестивалга жалпысынан 23 тасма катышкан. Алардын 10у улуттук номинация боюнча, ал эми 13ү эл аралык номинация боюнча. Тасмалар үч күн бою “Манас” кинотеатрында көрсөтүлүп, калыстар тобунун жана элдин сынына коюлган. Жыйынтыгында улуттук номинация боюнча “Эң мыкты тасма” наамына Руслан Акундун “Перегон” тасмасы татыса, “Мыкты режиссёрдук иш” наамын “Кара далы” тасмасынын режиссёру Алижан Насыров алды. Ал эми Марсбек Бусурманкуловдун “Переваливший через века народ” тасмасы калыстардын атайын сыйлыгына ээ болсо, “Элдин купулуна толгон тасма” наамына Руслан Акундун “Перегон” тасмасы ээ болду. 

Ошондой эле эл аралык сынакта “Эң мыкты тасма” наамы Шарофат Арабованын (Тажикстан) “Между” тасмасына ыйгарылды. Ашот Кещяндын (Армения) “Алхас и Джульетта” тасмасы “Мыкты режиссёрдук иш” наамын алды. Ал эми Давид Пипианын (Грузия) “Поколение войны” фильми калыстардын атайын сыйлыгына арзыса, Айнура Исмаилованын (Казакстан) “Отец” тасмасы “Элдин купулуна толгон тасма” наамына арзыды.

Жеңүүчүлөргө 50 миң сомдон акчалай сыйлык жана диплом, статуэтка тапшырылды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан