Йемен Израилге карата расмий түрдө согуш жарыялады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Йемендин куралдуу күчтөрүнүн өкүлчүлүгү буга чейин Израилге ондогон ракеталар атылганын билдирди.
"Йемендин куралдуу күчтөрү Израилге расмий түрдө согуш жарыялады", - деп белгиленет материалда.
Ошондой эле өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн өкүлү Самир Альнамри Израилди көздөй ондогон баллистикалык ракеталардын атылганын билдирди. Ошондой эле ал соккулар Израиль Газадагы согушту токтотмоюнча уланарын кошумчалаган.