Казакстанда жыл башынан бери 11 миң адам кызамык оорусуна чалдыккан

Казакстанда жыл башынан бери кызамык оорусунун 11 миң 57 учуру катталды. Бул тууралуу Казакстандын Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Маалым болгондой, 14 жашка чейинки балдардын арасында оорунун 83 пайыз, өспүрүмдөр 2,7 пайыз, чоңдордо 13,8 пайыз катталган. Бардык аймактарда кызамык оорусу катталды. Алматы жана Шымкент шаарларында 2 миңден ашык, Жамбыл жана Алматы облустарында миңден ашуун учур катталган.

"Ооруга чалдыккандардын саны эмделбеген балдардын эсебинен катталууда", - деп белгиледи министрлик.

Кызамык менен ооругандардын 65 пайыздан ашыгын 5 жашка чейинки балдар түзөт.

Маалыматта ооруга чалдыккан балдардын 60 пайызы баш тарткандыктан, 18,3 пайызы медициналык себептерден, 21 пайыз эмдөө курагына жетпегендиктен эмдөөдөн өтүшкөн эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан