Жалал-Абадда көчөдө өтүп бараткан кишини бычактаган жаран кармалды

Жалал-Абадда көчөдө өтүп бараткан кишини бычактаган жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлады.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад ШИИБине 41 жаштагы эркек киши арыз менен кайрылып, 25-октябрда саат 22:00 чамасында калаанын көчөлөрүнүн биринде көкүрөк тарабына мас абалындагы бейтааныш жаран бычак менен сайып жибергендигин билдирген.

Натыйжада жабырлануучу денесинен жараат алып Жалал-Абад облустук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

Бул факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) менен кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү катары Базар-Коргон районунун тургуну 36 жаштагы А.А. кармалды.

Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан