Боливия Израиль менен дипломатиялык мамилесин үздү

Боливиянын өкмөтү Газа тилкесиндеги аракеттерине байланыштуу Израиль менен дипломатиялык мамилесин үздү. Бул тууралуу ТАСС агенттиги жазды.

Президенттин астындагы министр Марианела Прада белгилегендей, Боливия Израилдин аракеттерин "адамзатка каршы кылмыш" деп эсептейт.

"Биз Газа тилкесиндеги миңдеген жайкын тургундардын курмандыктарына алып келген чабуулдарды токтотууну талап кылабыз", - деген ал маалымат жыйында.

Бул Боливиянын Израиль менен биринчи жолу мамилесин үзүшү эмес. 2009-жылы дагы бул өлкө Газа тилкесинде болгон окуядан кийин Израиль менен мамилесин үзгөн. Бирок сүйлөшүүлөрдөн кийин эки өлкө ортосундагы мамиле 2019-жылы уланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан