Йемен Газадагы Израиль аскерлерине чабуул жасады

Йемендин куралдуу күчтөрү оккупацияланган Палестина аймагындагы израилдик аскерлерге ракеталык сокку урду. Бул тууралуу Йемен армиясынын өкүлү, генерал Яхья Сари билдиргенин РБК басылмасы жазды.

Анын айтымында, аскердик маалымат каражаттары соккуну түз эфирде көрсөтүүдө.

Кийинчерээк Йемендин Коргоо министрлиги өзүнүн сайтында ракета учурулган видеону жарыялаган. Анда айтылгандай, видеолор "Йемендин ракеталык күчтөрү менен аба күчтөрүнүн Палестинадагы израилдик күчтөрдүн буталарына сокку уруу боюнча биргелешкен операцияларын" көрсөтөт.

Ракета учурулганы тууралуу кабардан кийин Израилдин Коргоо күчтөрү Израилдин борбордук жана түштүк аймактарында, ошондой эле Газа тилкеси менен чектеш аймактарда сиреналар жаңырып жатканын жарыялады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан