Түркмөнстан Москвага болгон авиакаттамдарды токтотту

"Түркмөнстан" авиакомпаниясы Москва шаарына болгон авиакаттамдарды толугу менен токтотту. Мындай маалымат авиакомпаниянын сайтында бүгүн, 1-ноябрда жарыяланды.

Июль айынын аягында Москва Украинанын эң ири пилотсуз учак чабуулуна дуушар болгон. Натыйжада 1-августтан тарта түркмөн авиакомпаниясы “Москва аба зонасында коопсуздукка байланыштуу, ошондой эле учуу коопсуздугун камсыз кылуу максатында" Москвага каттамдарын токтоткон. 5-августта Түркмөнстан 28-октябрга чейин каттамдарын токтотконун билдирген.

Эми жаңы графикте бир гана Ашхабад-Казань каттамдары камтылган. Ашхабад— Москва каттамы учуу графигинен толугу менен алынган.

"Түркмөнстан" авиа компаниясы 2022-жылы COVID-19 пандемиясынан кийин адегенде Казанга, андан соң гана Москвага каттамдарын жандандырган. Эми түркмөн авиакомпаниясы менен Орусиянын ортосундагы аба каттамдары кайрадан Татарстан менен чектелди. Бирок Москва-Ашхабад каттамдарын орусиялык "S7" авиакомпаниясы аткарат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан