Бүгүн, 2-ноябрь күнү Бишкекте бомба тууралуу маалымат таратууга катыштыгы бар жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалымдалгандай А.Р. аттуу жаран атайын кызмат тарабынан террордук коркунучтарды аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында колго түшүрүлгөн.
Кылмышка шектүү КМШнын адистешкен жарандарынан турган жабык трансулуттук кибер топтун активдүү катышуучуларынын бири болгону тастыкталды.
Кармалган жаран 30-октябрда VPN технологиясын колдонуп, ИИМ катчылыгына соода борборлоруна бомба коюлгандыгы тууралуу анонимдүү билдирүү жөнөткөндүгү, ошондой эле 18-июлда ГУМ соода борборунда бомба коюлгандыгы тууралуу билдирүүлөрдү жөнөтүүгө катыштыгы бар экендиги дагы аныкталды.
Кармалган жаран мыйзамга ылайык жазаланат.
Ал арада УКМК мындай ишке барган жарандар кылмыш жоопкерчилигине тартылып, 5 жылга чейин эркиндигинен ажыратыларын эскертти.