Чүй облусунда баңгизат сактоочу жай жок кылынды. Бул тууралуу бүгүн, 2-ноябрда ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Белгиленгендей, Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагына жайылтылган синтетикалык баңгизаттарды колго жасоо менен алектенген жашыруун баңги лабораториясын жок кылуу боюнча атайын операция жүргүзүлүп, жыйынтыгында мыйзамсыз жүгүртүүдөн 3 килограмм 790 грамм "мефедрон" психотроптук заттар жана 425 килограммдан ашык прекурсорлор табылган. Анын жалпы суммасы 20 миллион сомдон ашат.
Дарылар даярдалган лаборатория Аламүдүн районунун Прохладное айылында жайгашкан.
Эскерте кетсек, 25-октябрда ИИМдин БМЖКККнын кызматкерлери тарабынан ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, коңшу өлкөнүн эки жараны кармалган. Алар 1999-жылы туулган Г.Д. жана 1994-жылы туулган П.А. аттуу жарандар экени белгилүү болду.
Буга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголуп, шектүүлөр тергөө абагына киргизилген.