Жалал-Абадда прокурордун жардамчысы пара менен кармалды

Опузалап пара алууга шектелген прокурордун жардамчысы кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, сентябрь айында милицияга Жалал-Абад облусунун тургуну арыз менен кайрылган. Анда прокуратура кызматкери кылмыш жоопкерчилигине тартам деп коркутуп, көптөн бери опузалап, акча каражатын алып жүргөнүн жазган.

Топтолгон материалдардын негизинде үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси "Опузалап пара алуу" боюнча кылмыш иши козголгон.

Октябрь айынын башында аталган прокуратуранын кызматкери башка районго которулганы аныкталган. Ага карабастан айдын аягында кайра чалып, 20 миң сом акча каражатын талап кылган. Натыйжада ишкер 20 миң сом өлчөмүндөгү акчаны төлөм терминалы аркылуу электрондук капчыкка которгон.

Ошол эле күнү Тогуз-Торо районунун прокурорунун жардамчысы жумуш ордунда кармалган. Буга чейин ал Жалал-Абад облусунун Аксы районунун прокурорунун жардамчысы болуп иштеп, бир нече жума мурда жаңы жумуш ордуна которулган.

Тергөөнүн жүрүшүндө жогорудагы белгилер коюлган акча каражаттары далил катары төлөм терминалынан алынган. Азыркы учурда сот тарабынан аны гауптвахтада кармоо боюнча бөгөт чарасы тандалды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
sfsukmgazgif
2023-11-02 22:18:00
Бул бардык Виаградан жакшыраак. Мен баарына өмүрүндө жок дегенде бир жолу сынап көрүүнү сунуштайм - бул сиздин жыныстык жашооңузду бир топ жакшыртат, өзүңүз окуңуз ----->> https://mub.me/etrax
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан