Өзбекстанда эми көп аялдуулукка чакыргандар менен никаб кийгендер жазаланат

Өзбекстанда көп аял алууну пропагандалоо, коомдук жерлерде никаб кийгендер эми жазаланат. Бул тууралуу өзбек басылмалары жазып чыкты.

Маалым болгондой, эки же андан көп аял менен чогуу жашоого көмөктөшкөн, тиешелүү көз караштарды, идеяларды же чакырыктарды тараткандарга 4,95- 9,9 миллион сум же 406- 811 доллар өлчөмүндө айып пул салынат. Ошондой эле 15 суткага чейин административдик камакка алуу каралган. Ушундай эле жаза никеси мыйзамда белгиленген тартипте катталбаган адамдардын, анын ичинде нике курагына жете элек адамдардын ортосунда диний нике кыйгандар үчүн да каралган.

Белгиленгендей, мындай мыйзам долбооруна Өзбекстанда акыркы жылдары диний жөрөлгөлөр менен гана бекемделген никелердин саны өсүп, анын кесепетинен көп аял алуу фактылары көбөйүп жатканы себеп болгон.

Ошондой эле гендердик басмырлоону пропагандалоо, анын ичинде аялдардын жана эркектердин тең укуктуулугун коомчулукта тануу, тиешелүү көз караштарды, идеяларды же чакырыктарды жайылткандар үчүн 3,3 миллиондон 6,6 миллион сумга чейин же 270-540 доллар айып пул каралган.

Мындан сырткары коомдук жайларда жүзүн жаап жүргөндөргө ( никаб кийүү) 3,3 миллиондон 4,95 миллион сумга чейин же 270-406 доллар айып пул салынса, улуттук, расалык, этникалык же диний негиздер боюнча калктын топторуна кастыкты, араздашууну козутуу максатында жасалган, калктын диний же атеисттик ишенимине байланыштуу жарандардын сезимдерин кемсинткен аракеттер үчүн 3-5 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
sfsukmgazgif
2023-11-02 22:18:00
Бул бардык Виаградан жакшыраак. Мен баарына өмүрүндө жок дегенде бир жолу сынап көрүүнү сунуштайм - бул сиздин жыныстык жашооңузду бир топ жакшыртат, өзүңүз окуңуз ----->> https://mub.me/etrax
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан