Орусиядагы мечиттин алдында Куранды өрттөгөн Никита Журавел мусулмандардын ыйык китебин окуй баштады. Бул тууралуу ал соттук отурумда айтканын РИА Новости басылмасы жазды.
Анын айтымында, ушундай жол менен ал мусулмандарды канчалык таарынтканын түшүнгүсү келет.
Мен камакта отурганда Куранды окуп, изилдеп, мусулмандарды канчалык таарынтканымды түшүндүм. Менин аракетим коркунучту жана актанууга негиз жок", - деген ал сотто.
Эске сала кетсек, май айында күч органдары аны Волгоградда мечиттин алдында Куран өрттөлгөн акция үчүн кармашкан. Тергөө комитетинин маалыматы боюнча, ал муну Украинанын атайын кызматынын көрсөтмөсү менен акча үчүн жасаганын мойнуна алган. Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, ал Чеченстандын тергөөчүлөрүнө өткөрүлүп берилген.