Газада каза тапкандардын саны 9 миңден ашты

Газа секторунда Израилдин чабуулунан улам каза тапкандардын саны 9061ге жетти. Бул тууралуу бүгүн, 2-ноябрда аталган аймактын Саламаттыкты сактоо министрлиги билдиргенин чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Министрликтин айтымында, Газада каза тапкандардын 60 пайызын балдар менен аялдар түзөт. Маалым болгондой, каза тапкандардын 3760ын балдар түзсө, 2326үн аялдар экени айтылган. Ошондой эле 32 миңден ашык адам жаракат алган. Министрлик бул сандар дагы өзгөрүшү мүмкүн экенин, учурда ураган имараттардын алдынан жарандарды куткаруу иштери жүрүп жатканын кошумчалады.

Бириккен Улуттар Уюмунун маалыматына караганда, Израилдин чабуулу башталгандан бери 1,4 миллион Газа тургуну өз үйүн таштап кетүүгө аргасыз болгон.

Ал эми Израиль тарап ХАМАСтын чабуулунан 1400 адам каза таап, 5 миңден ашык израилдик жаракат алганын билдирди.

Эске салсак, ХАМАС кыймылы 7-октябрда Израилге чабуул жасаган. Андан бери Израиль Газа секторуна абадан соккусун улантууда. Чет элдик басылмалардын маалыматына караганда, 7-октябрдан бери Израиль аталган аймакка 18 миң тонна жарылгыч зат таштаган. Окумуштуулар мындай жарылгыч зат 50 метрлик аралыктан эле адамдын бүтүндөй организмин уулай турганын айтышууда.

Ошондой эле Израиль бийлиги бир нече күндөн бери Газа тилкесине бери суу, электр энергиясы жана күйүүчү май берүүнү токтоткон.

Буга чейин, тагыраагы 27-октябрда Палестинанын Кызыл Жарым Ай коому күйүүчү майдын жетишсиздигинен улам Газа тилкесинин түштүгүндөгү ооруканаларды 24 сааттын ичинде жаап салышы мүмкүн экени кабарланган. Анда дарыгерлердин дары-дармектери, гуманитардык жардамдары жана күйүүчү майлар түгөнүп калганы айтылган. Учурда Газадагы онкологиялык оорукананын жабылганы кабарланууда.

Ошондой эле Палестинанын Улуттук билим берүү министрлиги Газада быйылкы окуу жылы жыйынтыкталганын, 170тен ашык мектеп кыйраганын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
sfsukmgazgif
2023-11-02 22:17:00
Бул бардык Виаградан жакшыраак. Мен баарына өмүрүндө жок дегенде бир жолу сынап көрүүнү сунуштайм - бул сиздин жыныстык жашооңузду бир топ жакшыртат, өзүңүз окуңуз ----->> https://mub.me/etrax
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан