Пара талап кылган жана сойкулукту колдоого алган шаардык милиция кызматкерлери кармалды

Пара талап кылган жана сойкулукту колдоого алган шаардык милиция кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 3-ноябрда УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, атайын кызмат тарабынан укук коргоо органдарындагы коррупцияны жоюу боюнча системалуу жүргүзүлгөн иштердин алкагында Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын жана Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын айрым кызматкерлери чет элдик жарандардан пара талап кылган фактылар аныкталды.

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын жана Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын айрым кызматкерлери Пакистандын жарандары менен кылмыштуу бүтүмгө барып, сойкулук кылганы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартабыз деп Пакистандын жаранын коркутуп, мындай аракеттер үчүн административдик жоопкерчилик каралганына карабастан андан 3500 доллар өлчөмүндө акча талап кылгандыгы аныкталды.

Мындан тышкары, жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында жогоруда аталган ИИМдин кызматкерлери жана Пакистандын жарандары сойкулук үчүн жайды уюштурууга жана кармоого катыштыгы бар экендиги, алар интимдик мүнөздөгү кызматтарды көрсөтүп жүргөн башка Пакистандын жарандарын камкордукка алып, ал үчүн системалуу түрдө акча алып жүрүшкөндүгү тууралуу маалымат түшкөн.

Кечээ, 2-ноябрда ИИМдин Ички иликтөө кызматынын катышуусунда акча каражатын берип жаткан жеринен “ортомчу” Пакистандын жараны Х.М. андан кийин Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын жана Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери кармалды. Алардын иштеген жеринде керектүү тергөө амалдары жүргүзүлдү.

Чогултулган материалдардын негизинде ИИББнын кызматкери Ж.А. жана Свердлов РИИБинин кызматкери Ж.К. жана Пакистандын жараны Х.М. кармалып, убактылуу кармоочу жайга камалды.

Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында бул кылмышка тиешеси бар адамдардын чөйрөсүн аныктоо боюнча комплекстүү тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пара талап кылган жана сойкулукту колдоого алган шаардык милиция кызматкерлери кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан