Эрдоган түрк өлкөлөрү үчүн бирдиктүү алфавитти киргизүүнү сунуштады

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган түрк өлкөлөрү үчүн бирдиктүү алфавит түзүүнү сунуштады. Бул тууралуу түрк лидери Түрк мамлекеттер уюмунун Астанада өтүп жаткан саммитинде билдирди.

"Биз тилибизге, маданиятыбызга жана тарыхыбызга негизделген адамдык мамилени чыңдоо үчүн жогорку билим берүү тармагында кызматташууну күчөтүү аракетибизди улантуудабыз. Албетте, ынтымагыбызды чыңдоо үчүн тил абдан маанилүү. Бирдиктүү алфавитти киргизүү дагы маанилүү. Бул сунуш уюм тарабынан каралат деп ишенем", - деди Эрдоган.

Эске сала кетсек, Астанада Түрк мамлекеттер уюмунун саммити башталган. Саммитке Азербайжан, Кыргызстан, Түркия, Өзбекстан мамлекеттеринин башчылары, ошондой эле байкоочу катары Венгрия жана Түркмөнстандын лидерлери катышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан