Бишкек ШИИББинин кызматкерлери тарабынан уурулукка шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 7-ноябрда аталган мекемеден билдиришти.
Маалымдалгандай, 13-октябрда Бишкек шаарынын Свердлов РИИБге Б.Э. аттуу жаран белгисиз адамдарга карата чара көрүүнү өтүнүп арыз менен кайрылган. Анда 13-октябрга караган түнү Чүй проспектисинде жайгашкан дүкөндөрдүн бирине терезенин кашегин кысып, мыйзамсыз түрдө кирип, жалпы суммасы 5 миллион сомду түзгөн 6 даана ноутбук, ар кандай түрдөгү 64 уюлдук телефондорду жашыруун түрдө уурдап кетишкени айтылган.
Ага ылайык, аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесине (Уурдоо) ылайык кылмыш иши козголду.
"Иликтөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө мурда бир нече жолу соттолгон А.Р. 1976-жылы туулган С.Б. 1996-жылы туулган М.Б. 2002-жылы туулган шектүүлөр аныкталган. Алар райондук башкармалыктын тергөө кызматына жеткирилди. Ага байланыштуу Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык кылмышка шектүүлөр Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди", - деп айтылат маалыматта.
Козголгон кылмыш ишинин алкагында ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө борбор калаадагы күрөөканалардан 5тен ашык уюлдук телефондор далил деп табылып, кылмыш ишине кошулган.