Зеленьский Украинада президенттик шайлоо өткөрүүдөн баш тартты

Украинанын президенти Володимир Зеленьский кечээ, 6-ноябрда кечки видео кайрылуусунда согуш болуп жаткан маалда президенттик шайлоону өткөрүү туура эмес экенин айтты.

Анын айтымында, согуш маалында көптөгөн чакырыктар болуп турганда, коомдо шайлоо темасын көтөрүү туура эмес жана жоопкерчиликсиздик.

"Украин коомунун жана мамлекетинин алдында турган негизги милдет – “коргонууга көңүл буруу. Менимче, азыр шайлоонун учуру эмес”, - деди Зеленьский.

Буга чейин украиналык депутат Алексей Гончаренко Украинадагы президенттик шайлоонун датасын жарыялаган. Анын айтымында, Зеленьский президенттик шайлоону 2024-жылдын 31-мартында өткөрүү чечимин жактырган.

Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба өз кезегинде Зеленьский президенттик шайлоону 2024-жылдын жазында өткөрүүнүн оң жана терс жактарын таразалап жатканын айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан