Аэропортко бара жаткан жолдо унаа жарышын уюштурган айдоочулар элден кечирим сурашты

Бишкек-Манас унаа жолунда автоээнбаштык жасаган 9 айдоочу кармалып, элден кечирим сурашууда. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, дем алыш күнү түн ичинде "Манас эл аралык аэропортуна" баруучу унаа жолунда автожарыш уюштурган 9 айдоочу кармалып, ар бирине 15 миң сом айып салуу менен унаалары айып короо жайына киргизилген.

Ал эми айдоочулары андан ары тийиштүү чара көрүү үчүн милиция бөлүмдөрүнө жеткирилүүдө.

"Териштирүү учурунда айдоочулар коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун бузгандыгы үчүн коомчулуктан кечирим сурашууда", - деп билдиришти ЖККББдан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан