Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровдун 15 жаштагы уулу Адам республиканын коопсуздук кеңешиндеги “жооптуу кызматка” дайындалды. Бул тууралуу облустук парламенттин спикери Магомед Даудовго таянуу менен "Чечня сегодня" басылмасы жазды.
Айрым басылмалар Адам Кадыров Чеченстандын башчысынын коопсуздук бөлүмүнүн жетекчиси болуп дайындалганын жазышты.
Эске сала кетсек, октябрь айында Адам Кадыров бир айдын ичинде үч сыйлыктын ээси болгону кабарланган. Ага "Чечен Республикасынын баатыры" наамы ыйгарылган. Ошондой эле ал Татарстандын мамлекеттик сыйлыгы болгон "Дуслык" орденин да алган жана Карачай-Черкесиянын жогорку сыйлыгы болгон “Эмгек үчүн” орденин алган.