ЭЛДИК КАБАР: "Үйүмдүн документи жок кызыма паспорт ала албай жатам"

Үйүмдүн документи жок кызыма паспорт ала албай жатам. Мындай билдирүүнү Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш айылынын тургуну ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө жөнөттү.

Окурман кайрылуусунда жети баласы бар экенин билдирип өттү.

"Райондогу Кадастр мамлекеттик мекемесине үйүмө, жериме кызыл китеп алуу үчүн документ тапшырып, акчасын дагы төлөгөм. Бир айдан кийин өзүбүз байланышабыз дешкен эле. Арадан эки айдан ашык убакыт өттү. Бирок жооп дагы беришкен жок. Мен жашаган жериме кызыл китеп албасам, балдарыма дагы паспорт ала албайт экенмин. Баарынан дагы турмушка жаңы чыккан кызыма паспорт алыш керек болчу. Алар ЗАГСка туруша элек. Ушундайда болмок беле?" дейт тургун.

Ошондой эле тургун майыптыгы бар экенин, ал үчүн жөлөк пул албай турганын дагы кошумчалады.



Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан