Супер фактылар: Дельфиндер бир көзүн ачып алып уктаарын билчү белеңиз? 

Уйку - бул жашообуздун бир бөлүгү. Адам баласы үчүн суткасына 6-8 саат уйку жетиштүү экенин адистер айтат. Ал эми жаратылыштагы жандууларга кандай уйку мүнөздүү? Көпчүлүк жаныбарлар адамдар сыяктуу эле уктайт деп ойлошот. Бирок андай эмес.

Кургактыктагы эң чоң жаныбар болгон пилге 2 саат уйку жетиштүү. Кызыгы алар зоопаркта 4-6 саатка чейин укташат. Бирок эркиндикте пилдер уйкуга өтө эле аз убактысын сарпташат.

Жираф болсо күнүнө жарым саатка жакын гана уктайт. Ал эми коала аттуу жаныбар суткасына 18-22 саат уктайт. Бул күнүнүн 80 пайызын түзөт.

Мышык дагы күнүнүн көп бөлүгүн уктап өткөргөн жаныбарлардын катарына кирет. Мышыктын уктоо убактысы күнүнө орто эсеп менен 15-16 саат.

Акылдуу жаныбар болуп эсептелген дельфиндер 1 көзү ачык абалда укташат. Уйку учурунда бул сүт эмүүчүлөрдө мээнин бир гана жарым шары эс алып, экинчиси алардын кыймылын көзөмөлдөп турат. Мээсинин жарым шарлары 1 жарым саат сайын алмашып эс алат.

Сойлоочулар тобуна кирген жыландар көзүн ачып укташат. Себеби жыландын кыймылдуу кабагы болбогондуктан көздөрүн жаба албайт.

Жарганат тескери илинип уктаарын бардыгы эле билсе керек. Бул жаныбар өмүрүнүн 90 пайыздан көп бөлүгүн уктап өткөрөт. Анткени кыш мезгилиндеги жашоосу уктоо менен өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан