Бразилияда атактуу футболчу Неймардын сүйлөшкөн кызынын ата-энесинин үйүнө белгисиз адамдар кирип келген. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Андагы маалыматка ылайык, окуя кечээ, 7-ноябрда Котия шаарында болгон. Анда куралдуу адамдар футболчунун сүйлөшкөн кызы Бруна Бьянкардинин ата-энесинин үйүнө кирип, аларды байлап, үйдөн Неймардын жаңы төрөлгөн кызы менен сүйгөнүн издешкен.
Алар андан кийин кыздын ата-энесине Неймар жана анын кызы тууралуу суроолорду беришкен.
Андан кийин алар үйдөн жалпы суммасы 115 миң евродон ашык болгон зер буюмдарды уурдап кетишкен. Көп өтпөй полиция кызматкерлери жабырлануучулардын үйүнөн 300 метр алыстыкта жайгашкан үйдө жашаган 19 жаштагы шектүүнү кармады.
Экинчи кылмышкердин өздүгү такталды, үчүнчүсү белгисиз бойдон калууда. Алар изделүүдө.