Чемпиондор Лигасында Палестинанын желегин көтөргөн күйөрман талаага чуркап чыкты

Чемпиондор Лигасынын тайпалык баскычынын 4-турдук оюнунун алкагындагы "Копенгаген" - "Манчестер Юнайтед" беттешинде Палестинанын желегин көтөргөн адам талаага чуркап чыкты.

Бул эпизод беттештин алгачкы мүнөттөрүндө эле болду. Анда колунда Палестинанын желеги бар адам талаага чуркап чыкты. Желекте "Газада балдардын өлтүрүлүшү токтотулсун" деп жазылган.

Бир нече секунддан кийин аны стадиондун кызматкерлери кармап кетишти.

Беттеш 4:3 эсебинде "Копенгаген" клубунун жеңиши менен аяктады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан