
Жайыл районунда жаңжал учурунда травматикалык тапанча атылып, 3 адам жаракат алды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы билдирди.
Билдирүүгө ылайык, окуя 6-ноябрь күнү саат 02:30 чамасында Новониколаевка айылындагы дүкөндүн жанында болгон. Анда бир топ адамдар сөздөн-сөз чыгып отуруп жаңжалдашып, 3 адамды сабашып, травматикалык тапанчадан ок чыгарышкан. Жыйынтыгында 28 жана 29 жаштагы үч жаран ооруканага түшкөн. Алар Жайыл райондук ооруканасына ар кандай жаракаттар менен жеткирилген.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголгон.
Иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө бул окуяга тиешеси бар адамдар такталган. Алар Жайыл районунун тургундары 1990-жылы туулган Т.Э. жана Т.С., 1995-жылы туулган А.Э. аттуу жарандар болгон. Алар убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Кармалгандардан травматикалык тапанча алынып, буюм далили катары табылды. Бул иш боюнча тергөө иштери уланууда.