Бишкекте жаранды 90 миң сомго алдап кеткенге шектүү кармалды

Бишкекте алдамчылыкка шектелип бир жаран кармалды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка караганда, ушул жылдын 23-сентябрында К.У. аттуу жаран милицияга арыз менен кайрылган. Анда Б.Ш. аттуу жаран анын ишеничине кирип, курулуш материалдарын алып келип берүү үчүн андан 90 миң сом алып, кийин изин жашырып кеткенин билдирген.
Аталган факт боюнча кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү катары 1985-жылы туулган Б.Ш аттуу жаран кармалып, тергөө кызматына жеткирилди. Ошондой эле шектүүнүн дагы башка кылмыштарга аралашы бар экендиги аныкталды.
Учурда тергөө иштери уланууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан