Ошто жол кырсыгына кабылган үч аскер кызматкеринин бири каза болду

Ошто жол кырсыгына кабылган үч аскер кызматкеринин бири каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 9-ноябрда SUPER.KG порталына Коргоо министрлигинен билдиришти.

Маалымдалгандай, каза болгон аскер 22 жашта болгон. Ал жол кырсыгына кабылган унааны айдап бараткан. Каза болгон аскер Ош облусунун Кара-Суу айылынын тургуну болгон.

"3 контракттык кызматтын аскер кызматчысы жеке автоунаасы менен кетип бара жатып жол кырсыгына кабылышкан. Учурда 1 аскер кызматчы Ош облустук ооруканасында, экинчиси аскер госпиталында дарыланууда", - деп айтылат билдирүүдө.

Алар Баткендеги №12545 аскер бөлүгүндө келишимдик негизде кызмат өтөп жаткандар экени белгилүү болду.

Эске салсак, аталган жол кырсыгы 6-ноябрдан 7-ноябрга караган түнү Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылында болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан