Коңшу Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев бүгүн эртең менен Астана шаарына Орусиянын президенти Владимир Путин келгенде асмандан жакшы жышаан көргөнүн айтты.
"Сиздерди борбор шаарыбыз Астанада кайрадан тосуп алганыма кубанычтамын. Бүгүн сиз Астанага таң эрте келгенде асманда өтө жаркыраган жылдыздардын коштоосунда жарым ай көрүндү, бул сейрек кездешүүчү көрүнүш. Аэропорттогу жолугушууга катышкандардын бардыгынын көңүлүн бурдум. Бул абдан жакшы, боорукер жышаан деп эсептейм", - деди Токаев.
Эске сала кетсек, Владимир Путин Астанага бүгүн, 9-ноябрь күнү эртең менен келген. Аэропортто орусиялык кесиптешин Казакстандын президенти өзү тосуп алган.