“Манас” эл аралык аэропорту аркылуу контрабандалык баңгизаттарды туруктуу ташып турган адамдар кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 9-ноябрда УКМКнын маалымат кызматы билдирди.
Алар коррупциянын көрүнүштөрүн жоюу, контрабанда жана көмүскө каражаттарды легалдаштыруу менен алектенген трансулуттук кылмыштуу топтордун аракеттерин аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан пландуу иш-чаралардын жүрүшүндө колго түшүрүлгөн.
Алардын Кыргызстанга баңгизаттарды мыйзамсыз алып өтүүнүн туруктуу схемасын уюштурганы аныкталды.
Атайын кызмат тарабынан “Манас” аэропортунун бажысы менен биргеликте жалпы салмагы 24 тонна 350 килограмм кондитердик апийим түрүндөгү жүк, анын ичинде болжол менен 7-8 тонна көкнар (апийим сабагы) аныкталып, ага бөгөт коюлду.
Жогорудагы фактылардын негизинде, Кылмыш-жаза кодексинин 285-беренеси (Кыргыз Республикасынын бажы чек арасы аркылуу өткөрүүнүн өзгөчө эрежелери белгиленген буюмдарды контрабандалык жол менен алып өтүү) боюнча 2 Кыргыз жараны жана коңшу өлкөнүн бир жараны кармалды.
Алынган баңгизаттар тиешелүү органдарга экспертиза жүргүзүү үчүн өткөрүлүп берилди.