Бишкектеги "Ынтымак" сейил багында ырдагандан кийин белгилүү болгон Бегимай Турусбекова тууралуу орусиялык белгилүү режиссёр Елена Погребижская тасма тартты.
Орус режиссёрунун тасмасында айтылгандай, айылдан келген кожойке караоке ырдап, жылдызга айланган.
Тасмада анын үй-бүлөсү, Казарман айылындагы жашоосу айтылат.
"Жөнөкөй жайкы көйнөкчөн, жоолукчан, бирок укмуштай күчтүү үнү менен сахнада жупуну аял. Эл таң калып, дагы ырларды аткаруусун суранып кол чаап, албетте телефонуна сүрөткө түшүшөт. Ошол эле күнү кечинде бир нече видеолор социалдык тармактарга тарады", - деп айтылат тасманын сүрөттөмөсүндө.
Тасма 1 жарым саатка чукул созулат жана бир күндө жарым миллиондой көрүүнү топтоду.