УКМКнын 9-кызматынын кызматкери жиу-житсу боюнча дүйнө чемпионатында 1-орунду ээледи. Бул тууралуу атайын кызматтын басма сөз кызматы кабарлады.
Жиу-житсу боюнча Дүйнө биринчилиги 2-10-ноябрь күндөрү Абу-Дабиде өттү. Профессионалдык жиуджитсу боюнча бул Дүйнө биринчилигине 127 өлкөдөн 7000дей спортчу катышты.
Чебер эркектер арасындагы күрөң кур номинациясындагы 77 килограмм салмакта 1-орунду УКМКнын 9-кызматынын кызматкери ээледи.