8-ноябрда УКМК кызматкерлери тарабынан Жалал-Абад облусунда туулган 28 жаштагы Т.Х.Х. аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.
Маалыматтарга ылайык, Т.Х.Х. 2015-жылдын аягында Москва шаарында иштеп жүргөндө “Катиба аль-Таухид валь-Жихад” эл аралык террордук уюмунун мүчөлөрү тарабынан жалданып, Сирияга жеткирилип, ал жактан диверсиялык-террористтик даярдыктан өтүп, Сириянын өкмөттүк күчтөрүнө каршы аскердик операцияларга катышкан.
Бул факты боюнча кылмыш-жаза кодексинин 256-беренесинин 1-бөлүгүнө (“Кыргыз Республикасынын жаранынын чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу жаңжалдарга же согуш аракеттерине катышуусу же террордук актыны жасоо үчүн даярдыктан өтүүсү”) ылайык кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталды.
Кармалган адам УКМКнын тергөө абагына камакка алынды.