Бишкекте 9 жана 10 жаштагы өгөй кыздарын сабаган жаран камакка алынды

Бишкекте 9 жана 10 жаштагы кыздарын сабаган өгөй ата камакка алынды. Бул тууралуу бүгүн, 10-ноябрда SUPER.KG порталына Бишкек ШИИББинен билдирди.

Маалыматка ылайык, 1990-жылы туулган К.И. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Негизги материалдар боюнча чечим чыгаруу үчүн Бишкектин Ленин райондук сотуна жөнөтүлөт.

"Урматтуу борбор калаанын тургундары жана анын коноктору, үй-бүлөлүк зомбулукка кабылып же күбө болуп калсаңыздар төмөнкү телефондорго чалууну суранабыз: 0 (701) 700-251 (WhatsApp), 0(312) 43-71-75 же 24 саат бою иштей турган 102 кыска номуру аркылуу", - деп айтылат билдирүүдө.

Буга чейин “Балдар укугун коргоо" лигасынын жетекчиси Назгүл Турдубекова социалдык тармактагы баракчасына өгөй ата эки кызын сабаганын жазып чыккан.

"Мага 9 жана 10 жаштагы кыздардын апасы кайрылды. Кыздардын өгөй атасы аларды түнү менен сабаган экен. Ал эми милиция аны эркиндикке чыгарып коюптур", - деп жазган ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан