Бишкектин Биринчи Май районунун аймагында Алтын-Казык жана Калыс-Ордо конуштарынын ортосунда көпүрө куруу пландалууда. Бул тууралуу бүгүн, 10-ноябрда Бишкек мэриясынан кабарлашты.


Маалыматка караганда, долбоорду башчынын биринчи орун басары Райым Жолдошов Бишкек шаарын өнүктүрүү жана инвестиция тартуу агенттигинин, Швейцария өнүктүрүү жана кызматташуу агенттигинин (SDC), "GFA Consulting Group GmbH" компаниясынын, "Карылар үчүн ресурстук борбор" коомдук бирикмесинин, №16 МАБдын өкүлдөрү менен талкуулады.

"Жыйынтыгында катышуучулар "Бишкекбашкыархитектура" МИге көпүрөнү куруу үчүн жумушчу долбоорду иштеп чыгууга өтүнмө жөнөтүүнү чечишти, ошондой эле жергиликтүү бюджеттен 30% өлчөмүндө кошо каржылоо пландаштырылууда, ал эми калган 70 пайыз Швейцариянын Кыргызстандагы элчилиги өзүнө алат", - деп айтылат маалыматта.

Көпүрө куруунун максаты жаңы конуштардагы калктын аялуу топторунун жашоо шарттарын жакшыртуу, ошондой эле тургундар менен бийлик органдарынын ортосундагы кызматташтык үчүн жагымдуу климатты түзүү болуп саналат.