Бишкекте 3 жашар наристени уурдап кеткендер кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 10-ноябрда Свердлов РИИБинен билдирди.
Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери уурдалган баланы таап, ата-энесине кайтарып беришти.
Свердлов РИИБине кечээ С.М аттуу калаа тургуну арыз менен кайрылган. Ал калаадагы оюн-зоок жайларынын биринен 2020-жылы туулган кызын белгисиз жарандар уурдап, из жашырып кеткенин айткан.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренесине (Адамды уурдоо) ылайык кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-издөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 2010-жылы туулган Т.А аттуу өспүрүм жана 1998-жылы туулган Р.М аттуу аял киши кармалды.
Учурда окуянын чоо-жайы такталууда.