Бүгүн, 10-ноябрда Бишкектеги турак үйдөн өрт чыкты.
Алдын ала маалымат боюнча өрт Ленин районуна караштуу Ахунбаев көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн чыккан.
Өрттү өчүрүүгө саат 15:37де 2 күжүрмөн эсеп тартылды.
Болжол менен үйдүн чатырынын 200 чарчы метри күйгөн.
Аталган өрт кырсыгы боюнча кошумча маалымат бериле турганы айтылды.