Ошто үйдө уктап жаткан жарандын моюнуна бычак такап коркутуп, тоноп кеткендер кармалды

Кара-Сууда үйгө бастырып кирип, ээсине бычак такап коркутуп, карактап кеткен жарандар кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына бүгүн, 10-ноябрда Ош облустук милициясынан билдирди.

Маалыматка ылайык, 7-ноябрга караган түнү саат 03:10 чамасында Кара-Суу РИИБине аталган райондо убактылуу жашап жаткан 51 жаштагы жаран арызданган. Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу барган.

"Шектүүлөр жабырлануучу А.Ч. уктап жатканда үйүнө кирип, бычакты моюнуна такап коркутуп, 47 миң 200 сом акчасын жана 16 миң сомдук Redmi note 11 үлгүсүндөгү уюлдук телефонун алып кетишкендиги аныкталды. Натыйжада жабырлануучуга 63 миң 200 сомдук материалдык чыгым келтирилген", - деп айтылат маалыматта.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренесинин 2-бөлүмү (Каракчылык) менен кылмыш иши козголгон.

Шектүү катары изи сууй электе мурда соттолгон Кара-Суу районунун 21 жаштагы Б.уулу Н., Т.И, С.А. жана 29 жаштагы С.Р. аттуу тургундары кармалды.

Учурда шектүүлөрдүн башка кылмыштарга тиешеси бар же жок экендигин аныктоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүп жатканы кошумчаланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан