Кыргызстандан Казакстанга чет өлкөлүк жарандарды мыйзамсыз алып өтүп турган топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу бүгүн, 10-ноябрда УКМКдан билдирди.
Маалыматка ылайык, 29-октябрда Кыргызстандан Казакстанга мыйзамсыз өтүүгө аракет кылып жаткан жеринен Пакистандын 3 жараны жана бул мыйзамсыз миграциянын туруктуу каналынын уюштуруучулары Эл аралык медициналык университеттин 5-курсунун студенти U.N. аттуу Пакистандын жараны жана Т.Э.Т. аттуу Кыргыз жараны кармалды.
Мындан тышкары, Кыргызстанга Пакистандын 3 жаранын турист катары киргизген мыйзамсыз миграциялык каналдын кошумча катышуучулары аныкталды, алар да тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында кармалган.
Уюштуруучулар Пакистандын жарандарын Казакстанга өткөрүү үчүн 1700 долларга чейин каражат алышканы аныкталды.
Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү аракети боюнча Пакистандын үч жаранына Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренесинин (Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) негизинде кылмыш иши козголду.
Мыйзамсыз миграцияны уюштуруучуларга карата Кылмыш-жаза кодексинин 168-беренесинин (Мыйзамсыз миграцияны, мигранттарды мыйзамсыз алып келүүнү (алып чыгууну) уюштуру”) негизинде кылмыш иши козголду.
Бишкектин Октябрь райондук сотунун чечими менен Пакистандын 7 жараны 2 айлык мөөнөткө №1 тергөө абагына камалды.
Учурда мыйзамсыз миграциянын бул туруктуу каналына тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жана кармоо боюнча тиешелүү ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.