Казакстандын мурдагы экономика министри Куандык Бишимбаев Астана шаарындагы ресторанда аял кишини сабап өлтүрүүгө шектелип кармалды. Бул тууралуу Казакстандын жергиликтүү басылмалары жазышты.
Маалыматка ылайык, 9-ноябрда Астанадагы ресторандардын биринде аял киши сабалып каза болгон. Каза болгон аял Казакстандын мурдагы экономика министри Куандык Бишимбаевдин жубайы болгон. Полиция мурдагы министрди аялын сабап өлтүргөн деген шек менен кармаган.
Эми мурдагы министр 8 жылдан 15 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.
Бишимбаев 2016-жылдын майынан декабрына чейин Казакстандын улуттук экономика министри болуп иштеп, Вашингтондо «Болашак» программасы боюнча окуган. Ал 2017-жылдын январь айында алдын ала макулдашуу боюнча бир нече жолу өзгөчө ири өлчөмдө пара алган деген шек менен кармалган. 2018-жылдын март айында ал 10 жылга эркинен ажыратылган, бирок 2019-жылдын сентябрында сот анын шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотуу өтүнүчүн канааттандырган.