29 жаштагы бразилиялык жылдыз Луана Андраде операциядан кийин өзүнө келбей каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, дүйшөмбү күнү ал Сан-Паулу шаарындагы Сан-Луис ооруканасына үй-бүлөсү жалдаган жеке хирург жана анестезиологго тизесине липосакция операциясын жасатуу үчүн барган. Операциядан эки сааттан кийин анын дем алуусу жайлап, жүрөгү токтоп калган.
Андраде Бразилияда абдан популярдуу модель жана тележылдыз болгон. Ал ошондой эле Бразилия курама командасынын чабуулчусу Неймардын жакын досу болгон.