Израиль менен палестиналык ХАМАС кыймылы туткундарды алмашуу боюнча макулдашканын Al Arabiya телеканалы өз булактарына таянуу менен билдирди.
"Израиль тарабынан кармалган палестиналык аялдар менен балдарды ХАМАСтын барымтасындагы 100 израилдик жаран менен алмаштыруу келишими жетишилди", - деп айтылат билдирүүдө.
Газанын түштүгүндөгү салгылашууларда ХАМАС ар кандай маалыматтар боюнча 250гө жакын адамды туткунга алган. Алардын арасында аскер кызматкерлери да, жарандар да бар. Мындан тышкары үчүнчү өлкөнүн жарандары барымтага алынган.
Өз кезегинде ХАМАС Израилдин Газа тилкесине жасаган соккуларынан 60тан ашуун туткун набыт болгонун билдирген. Көптөгөн курман болгондордун сөөгү дагы эле урандылардын астында жатат.