Беш-Күнгөйдө үйлөрдүн тонолушу: Милиция 20 жаштагы жигитти кармады

Аламүдүн районунда маал-маалы менен уурулук кылып жүргөнгө шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, 3-ноябрда милицияга 1974-жылы туулган М.Ч. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Арызында ал ошол эле күнү саат 09:00-13:00 чамаларында белгисиз адамдар Беш-Күнгөй айылында жайгашкан үйүнүн терезесин ачып кирип, үйдөгү зер буюмдарды уурдап кеткенин билдирген. Жыйынтыгында жабырлануучу ири өлчөмдө зыян тарткан.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголгон жана ушундай эле арыз менен дагы 3 адам милицияга кайрылган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө бул кылмышка шектүү катары 2003-жылы туулган Б.А. аттуу жаран кармалды.

Милиция акыркы учурларда Аламүдүн районунун Беш-Күнгөй, Кой-Таш, Таш-Мойнок жана Воронцовка айылдарында уурдоо фактылары көп катталып жатканын белгиледи.

Буга байланыштуу кармалган шектүү жарандын бул уурулуктарга тиешеси бар же жок экени такталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан