Бишкекте көп кабаттуу үйдөн өрт чыгып, 20 адам эвакуацияланды

Кечээ, 11-ноябрда Бишкек шаарынын Октябрь районунун А.Токомбаев көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу турак үйдүн 8-кабатынан өрт чыгып, адамдар эвакуацияланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
Өрттүн жалпы аянты 90 чарчы метрди түзгөн. Өрт өчүрүүчүлөр үй ичинен 2 адамды куткарып чыгышып, 9, 10, кабаттагы батирлерден 20 адамды эвакуациялашкан. Куткарылган 2 жаран "Тез жардам" кызматына өткөрүлүп берилип, абалдары туруктуу.
Тилсиз жоону өчүрүүгө саат 12:05те Октябрь районунан жалпы 2 күжүрмөн эсеп жана 1 автошаты тартылган. Ал эми саат 12:20да атайын штаб жөнөтүлгөн. Жалын толугу менен саат 13:20да өчүрүлдү.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан