Хабиб Нурмагомедовдун инисинен допинг табылды. Ал дисквалификацияланды

UFC уюмунун жеңилбес мушкери Хабиб Нурмагомедовдун аталаш иниси, "Bellator" уюмунун чемпиону Усман Нурмагомедовдун канынан тыюу салынган зат табылды. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, Калифорния штатынын атлетикалык комиссиясы Усман Нурмагомедовдун "Bellator 300" турнириндеги Брент Примус менен болгон беттешинен кийин анын канынан тыюу салынган зат табылган. Эми Нурмагомедов 6 айга спорттон четтетилип, анын Примустун үстүнөн болгон жеңиши жараксыз деп табылды.

Ошондой эле ага 50 миң доллар айып салынды. Бирок, чемпиондук наамынан ажыратылган жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан