Газа тилкесинде ок атышуу палестиналыктар барымтага алып алгандардын бошотулушу менен гана токтошу мүмкүн. Бул тууралуу Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху CNN телеканалына берген маегинде билдирди.
"Ок атышууну токтотуунун жалгыз шарты биздин барымтадагы жарандарыбызды бошотуу болот" деген ал.
Ал арада Газа тилкесинде катуу салгылашуулар жүрүп жатканын Euronews жазды. Нетаньяху Израилдин аскерлери Газаны курчоону аяктап, Аль-Шифа ооруканасынын жанында согушуп жатканын айтты.
БУУнун гуманитардык иштерди координациялоо кеңсеси Израилдин чабуулдарынын натыйжасында 40 миңден ашуун турак жайдын кыйраганын, 222 миңден ашууну жабыркаганын билдирди.