Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобунун мүчөлөрү ишкерлерге келтирген зыяндын ордун толтурушту

Эл керектөөчү товарлар иши боюнча ишкерлерге келтирилген зыяндын орду толтурулду. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

Маалыматка ылайык, көп жылдар бою ишкерлерден жана Кыргыз жарандарынан Кытайдан экспорттолгон жүктөрдү жана эл керектөөчү товарларды мыйзамсыз тартып алуу менен алектенип келген, ошону менен бирге Кыргыз Республикасынын жана КМШ өлкөлөрүнүн аймагында туруктуу кылмыштуу схеманы уюштурушкан, маркум кылмыштуу лидер К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү кармалган.

УКМКга кылмышкерлер тарабынан 385 миң доллар өлчөмүндө материалдык зыян тарткан М.Г. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында арыз ээсинин жүйөлөрү тастыкталып, УКМК тарабынан “өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык” фактысы боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, ошондой эле иш боюнча чогултулган далилдердин негизинде К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун айрым мүчөлөрү, анын ичинде түзөтүү мекемелеринде жазасын өтөп жаткан адамдар аныкталып, кармалган.

"Тергөөнүн жыйынтыгында кармалган айрым адамдар тарабынан келтирилген зыян транспорттук-логистикалык ишканага жана эл керектөөчү товарлардын ээлерине толугу менен толтурулду. Өз кезегинде алар уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөшүү жана ишкерлердин укуктарын коргоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер үчүн УКМКнын жетекчилигине жана бардык кызматкерлерине ыраазычылык билдиришти", - деп жазылат билдирүүдө.

Учурда сотко чейинки өндүрүштүн материалдарынын негизинде тергөө амалдары уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан