Коңшу Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин бир тууган иниси Болат Назарбаев 71 жашында каза болду. Бул тууралуу Казакстандын жергиликтүү басылмалары жазышты.
Ал узакка созулган оорудан улам бүгүн, 13-ноябрь күнү саат 09:51де Алматыдагы борбордук клиникада каза болгон. Ал өнөкөт оору менен жабыркачу.
Эске сала кетсек, 4-ноябрда Казакстандын бир катар маалымат каражаттары Болат Назарбаевдин абалы оор экенин жазып чыгышкан.
Болат Назарбаев 1953-жылы 23-мартта Алматы облусунун Карасай районундагы Шамалган айылында туулган.