Бүгүн, 13-ноябрда Бишкектеги №10 каттамдагы троллейбус Байтик баатыр көчөсү менен түштүктү көздөй бара жатып жол кырсыкка кабылды. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдирди.
Ага ылайык, окуя болжол менен эртең менен саат 8:10 чамасында болгон.
"Троллейбустун айдоочусунун айтымында, транспорттун сол жагынан жеңил автоунаа кысып чыккан. Андан качууга аракет кылып рулду башкара албай калып, жол жээгиндеги бакты сүзүп токтогон. Жабыркагандар жок", - деп айтылат билдирүүдө.
Жол кырсык Кайгуул милициясы менен камсыздандыруу компаниясына катталганы кошумчаланды.